Эмне үчүн Конституциялык реформа зарыл

Бүгүн дүйнөдөгү саясий-экономикалык дагы, руханий-нравалык, адеп-ахлактык дагы кырдаал өтө кооптуу чекке жетип турат. Батыштын кош стандарттуу саясаты, жалпы эле стратегиялык өңүттөгү идеологиялык багыты улуттук деген уңгу түшүнүктү түп-тамырынан кырчып, эзелтен калыптанып келген улуттук нарк-насилди, каада-салтты, улуттук менталитетти аң-сезимди жоюу аркылуу улуттук мамлекеттерди, ал мамлекеттерди түзгөн жана алардын ээси болгон улуттардын руханий, адеп-ахлактык баалуу дөөлөттөрүн бузуп-жарып, ошол улуттардын өздөрүнүн ичинен чыккан айрым бир улут безерлерди пайдаланып, коомду ичинен иритүүгө, өздөрүнүн карөзгөй кытмыр максаттарын ишке ашырууну, улуттук өлкөлөрдү Америкадагыдай улутсуз өлкөлөргө айландырууну көздөп, ар кыл амалдарды ойлоп табышты.

Демократиянын америкалык формасын таңуулашып, “араб жазы”, “жоогазын ыңкылабы”, “роза төңкөрүшү” сыяктууларды уюштурууга далбас уруп келишти. Муну Батыш ошол өлкөлөрдөгү ар кандай фонддор, укук коргоочулар, НПОчулар жана Батыштын “акырынын жем жеп” туйтунгандардын, батышчыл, америкачыл демократтардын “марштары”, “жүрүштөрү” аркылуу жасоого, ишке ашырууга аракеттенип келишкени да белгилүү. Мындай аракеттер дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө уюштурулуп, айрымдарында ал ишке ашты. Буга Югославия, Украина, Беларусь ж.б. өлкөлөрдө өткөн окуялар ачык күбө.

Арийне, мындай аракеттер биздин өлкөгө карата да колдонулду. 2005-жылкы “жоогазын ыңкылабы” батыштын аракети менен, ал эми 2010-жылкы төңкөрүш Батыш жана өзүбүздүн батышчыларыбыздын колу менен жасалды. Бирок 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуяны Батышсыз, биздеги батышчыларсыз жана “сары тиштүү” саясатчыларсыз эле карапайым калк, жалпы эл, жаштар, анан аларга баш-көз болгон улутман-патриот Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана алардын тилектештери ишке ашырышты. Бизнес элита, интеллигенциянын айрым өкүлдөрү байкоочу болуп четте карап турдук, ал эми 20-25-жылдык “стажысы” бар партия жетектеген саясатчылардын көбү качып кетсе, айрымдары реваншисттик маанайда аянтка келип, чыр-чатакты дагы улантууну көздөгөн үмүттөрү ишке ашпай, асты жаалданган элдин ур-токмогуна кабылды. Эң башкысы окуя 2010-жылдагы кандуу каргашадагыдай жаман жагына өнүгүп, адамдар окко учпай, зыянга учурабай, 10 күнгө жетип-жетпей укуктук талаага кирүүнүн конкреттүү аракеттери саясий эрк менен чечкиндүү колго алынды. Натыйжада өлкөдө тынчтык сакталып, турукташтыруу процесси башталды. Буга жалпы элдин колдоосуна, коргоосуна жана ишенимине ээ боло алган жаңы бийлик менен эски Жогорку Кеңеш олуттуу салым кошту. Муну бүгүн сезбейбиз, айтпайбыз, муну убакыт өткөндөн кийин мезгил тарыхтын тара[1]засына коёт. Булардын тарыхый миссиясын ошондо түшүнөбүз.

Суроо туулат: эмне үчүн 5-6-октябрдагы окуя болуп кетти, тынч эле жашап, шайлоо өткөзүп жатпадык беле?. Туура, тынч эле жашоо өткөзгөнсүп жатканбыз, 4-октябрда ЖКга партиялык тизме менен депутат шайлаганбыз. Балээнин баары ушундан башталбадыбы. Жалпы эл, өзгөчө жаштар ушул шайлоонун жыйынтыгына, бийликчил партиялардын (“Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан”) элди акчага сатып алып, биринчи, экинчи, үчүнчү орунду өз ара бөлүштүрүп алганына нааразы болуп, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай толкуп чыгышпадыбы. Жалпы элдик толкундоого 1% добуш ала албаган квазипартиялар, алардын лидер сөрөйлөрү да катышып, аянтта кыйкырып жүрүшпөдүбү.

Мындай абалга эмне себеп, эмне түрткү болду, баарыбыз жакшы билебиз. Кыргыз элинин тарыхында каргашалуу кара так – 2010-жылдагы Бишкектеги кан төгүү, Ош, Жалал-Абаддагы улут аралык жаңжал, өлгөн адамдар, өрттөлгөн жайлар, күлгө айланган көчөлөр. Ушундай өтө курч кырдаалда Конституция кабыл алынган. Кан күйүп, жаш агып турган ушундай абалда Референдумду утурлай Бүгүн дүйнөдөгү саясий-экономикалык дагы, руханий-нравалык, адеп-ахлактык дагы кырдаал өтө кооптуу чекке жетип турат. Батыштын кош стандарттуу саясаты, жалпы эле стратегиялык өңүттөгү идеологиялык багыты улуттук деген уңгу түшүнүктү түп-тамырынан кырчып, эзелтен калыптанып келген улуттук нарк-насилди, каада-салтты, улуттук менталитетти аң-сезимди жоюу аркылуу улуттук мамлекеттерди, ал мамлекеттерди түзгөн жана алардын ээси болгон улуттардын руханий, адеп-ахлактык баалуу дөөлөттөрүн бузуп-жарып, ошол улуттардын өздөрүнүн ичинен чыккан айрым бир улут безерлерди пайдаланып, коомду ичинен иритүүгө, өздөрүнүн карөзгөй кытмыр максаттарын ишке ашырууну, улуттук өлкөлөрдү Америкадагыдай улутсуз өлкөлөргө айландырууну көздөп, ар кыл амалдарды ойлоп табышты. Эмне үчүн Конституциялык реформа зарыл? жалпы эл өлкөдө тынчтык, туруктуулук орносунчу, өлкөгө мыйзамдуу бийлик келсинчи, эларалык коомчулук жаңы бийликти, убактылуу өкмөттү таанып, алака-катнаш оңолсунчу деген гана инстинкттик сезимде ал сунуштаган Конституцияны колдоп, кабыл алып берген.

Бул Баш мыйзамга ылайык биздин өлкөдө парламенттик башкаруу деген ат менен квазипартиялардын диктатурасы орноп, бийликти квазипартиялардын атынан уюшулган коалиция деген “ажыдаар” басып, ар бир квазипартия бийликти парчалап бөлүштүрүп алган. Эң өкүнүчтүүсү ошол 2010-жылдагы Конституциянын негизинде өткөргөн 10 жылдык турмушубуздагы коррупциянын гүлдөп өнүгүшү, паракорчулук, туугандык, куда-сөөктүк, жердештик, кландык принцип өңдүү ыплас көрүнүштөр, бийликтин алсыздыгы жана чечкинсиздиги 2020-жылдын октябрындагы жалпы элдик толкундоого, бийликтин кан төгүүсүз алмашылышына алып келбедиби. Бизде клас[1]сикалык принцип, критерийлерге жооп берген партиялардын жоктугу, алар партия эмес эле “бизнес клуб” экендиги, ал “клубдардын” лидер сөрөйлөрү партиялык принциптерге эмес, “жашылбайларга” таянып иш кылып калганы бизге азырынча парламенттик башкаруу деген куру эле сөз экен[1]дигин ачыктап салды. Арийне, ушулар жана ушул өңдүү бир катар факторлор биздин өлкөдө конституциялык реформа өтө зарыл экендигин, бизге парламенттик эмес күчтүү президенттик башкаруу керек экендигин көрсөттү. Бул – демократиядан кайтуу эмес, бул – өлкөнү өнүктүрүүнүн, тартипти, жоопкерчиликти чыңдоонун жолу.

Албетте, бүгүнкү кыргыз коомчулугу тарыхый тандоо алдында турат. Эгемендикте жашаган 30 жылдык тарыхыбызда биринчи жолу бийлик элден: “Эл-журт, сиздер башкаруунун, сиздерге бийлик жүргүзүүнүн кандай формасын – парламенттик башкаруунубу же президенттик башкаруунубу – каалайсыздар” – деген конкреттүү суроо коюп, жалпы элдик добуш берүү – референдум өткөздү. Буга чейин элден минтип сурап, элдин пикирин эсеп-чотко алмак турсун, элге жакшылап түшүндүрүү иштери дагы жүргүзүлбөгөн, башкаруунун формалары жөнүндө маалымат бергенге да жарашпаган, жөн гана Конституция элге таңууланып келген. 2020-жылдын 10-январында өткөн референдумда катышкандардын 82%дан ашыгы президенттик башкаруу формасын тандап алды.

Демократиялык централизм принциби боюнча азчылык көпчүлүккө макул болуш керек. Демек, 82%дан ашык шайлоочунун добушун сыйлоого, таанууга милдеттүүбүз. Так ушул жагдай биздин өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүүнү жана жаңы Конституцияны ушул өңүттө жазууну талап кылды.

Жаңы Баш мыйзам – өлкөдө тартипти калыбына келтирүүнүн, Президентке жоопкерчилик тагуунун, өз милдетин так аткаруусунун, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жана контролдоо функциясын жогорулатуунун жана бул аркылуу өлкөдөгү саясий-экономикалык, руханий адепахлактык кризистен кутулуп, мамлекетебизди өнүктүрүүнүн, жаңыланган өлкө түзүүнүн амалын сунуш кылган, эл менен бийликтин биримдигин, жоопкерчилигин, адамдын жана жарандын эл аралык стандартка шайкеш, төп келген укугу менен эркиндигин, сөз эркиндигин камсыздоого багытталган Конституция. Бул Конституция — эгемендиктин жана бийликтин бирден бир ээси болгон элдин жана биз жашап жаткан татаал кырдаалдын, кыйын кезеңдин, оор мезгилдин талабы, аткаруу бийлигинин ишмердиги үчүн Президентти жеке керт башы менен жооп берүүгө жана элдин мүдөөсүн так, толук аткарууга, элди башкарууга эмес, элге кызмат кылууга мажбурлай турган Конституция. Бул боюнча Президент – Конституциянын, эгемендиктин, өлкө көз карансыздыгынын, адамдын, жарандын укугу менен эркиндигинин, ошол эле учурда өлкөдө тартипти орнотуунун, руханий, адеп-ахлактык өнүгүүнүн кепилдиги.

Албетте, бул Конституцияда президенттик башкаруу формасы аныкталып, аткаруу бийлигин Президент жетектеп жатканы менен Президенттин ишмердигин Парламент көзөмөлдөйт. Президент Парламенттин, сот бийлигинин, муниципиалдык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин ишине кийлигише албайт деген концепция Конституциянын тулку боюн “кызыл сызык” болуп тепчип турат. Муну жумурткадан кыр издегендер же көөдөнү көңдөйлөр гана көрбөшү мүмкүн. Айрым депутаттар өздөрү айтмакчы, эгерде Конституцияда жазылып турган өз милдеттерин, укуктарын парламент толук колдоно албай “көлдөлөң болуп салынып, төшөк болуп төшөлүп, жаздык болуп жаздалып жатып беришсе”, аларды Президент канча жылдан бери “көшөгө артында туруп” башкарып келсе, ага ким күнөөлүү? Депутаттар өздөрү да. Мында Конституциянын кандай тиешеси бар? Күчтүү, билимдүү, сабаттуу, сатылбас депутаттар шайланып келип, Президенттин ишмердигин көзөмөлдөгүлө, контролдук функцияңар өтө чоң, Президенттин көшөгө артында башкарышына жол бербей койгула.

Жакында Венеция комиссиясы жана эл аралык укук боюнча кызматташуу уюмдарынын эксперттери деген топ “Конституциянын 11-апрелге сунушталган жаңы долбоору боюнча билдирүүлөр” деген “бирдемени” чыгарышты. Туура, эл аралык ар кандай уюмдар өз ойлорун айта беришет, айтып да келишкен, мында маселе жок, айта беришсин. Бирок алардын айткандары акыркы инстанциядагы акыйкаттык эмес, рекомендациялык гана мүнөзгө ээ. Ага милдеттүү аткарылуучу нерсе катары акцент бербеш керек. Жаңы Конституциянын долбоору жөнүндө, өзгөчө, адам, жаран укугу, эркиндиги, сөз эркиндиги жөнүндө эл аралык талаптарга кепилдик берилгендиги жөнүндө алар дурус эле пикир билдиришиптир. Болгону бийлик бутактары бөлүмдөрүнө тиешелүү маселеде Президентке көп бийлик берилип, Парламент менен сот бийлигине аз бийлик берилиптир деген кооптонууларын айтышыптыр.

Менимче, эл аралык укук боюнча уюмдар, деги эле башка укук коргоочумун дегендер биздин элди, биздин өлкөнү кош стандарт жүргүзгөн, карөзгөй, адеп-ахлагы, менталитети башка Батыш менен салыштырбай, мамиле кылса оң болоор эле. Биздин элдин, өлкөнүн үрп-адаты, адеп-ахлагы, психологиясы, менталитети, маданияты, каада-салты, нарк-насили Батыштыкындай эмес, өзгөчөлүү. Бизге Американын, Батыштын айрым бир жагдай-жактары туура келбесе, көбү жат, туура келбейт. Ушуну эске алыш керек. Алар антпей эле биздин улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү жоюп, өздөрүнө окшоштургусу келет. Бизде өнүгүүнүн, туруктуулуктун, тынчтыктын болушун, элдин барчылыкта бакубат жашоосун алар канчалык деңгээлде, канчалык чын ниетте каалайт деген суроо аргасыздан жаралат. Кандай болгон күндө да биздин Конституция менен биз жашайбыз, биздин эл президенттик башкаруу формасын тандады, ошого жараша Баш мыйзам жазылды, эми эл ошону колдоп, 11-апрелде ага добуш берүүсү зарыл. Бул – элдин, өлкөнүн өнүгүүсүнүн, тартипти орнотуунун, саясий-экономикалык өнүгүүнүн мүмкүнчүлүгү, мындай тарыхый мүмкүнчүлүк такай эле келе бербейт.

Сыртбай МУСАЕВ, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор