Спорт ордосу боюнча 5 кылмыш иши козголду

Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосу боюнча 5 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков маалымат жыйынында кабарлады.

Анын айтымында, спорт сарайынын имаратын колдонуу боюнча 34 келишим түзүлгөн. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында мыйзамсыз делген иштер боюнча 5 кылмыш иши козголгон.