Бишкекте “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын курултайы өтүп жатат

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы бүгүн Бишкекте республикалык курултайын өткөрүп жатат. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан өкүлдөр, партия мүчөлөрү жана атайын коноктор катышууда.

Жыйында аталган партиядан президенттикке талапкер расмий көрсөтүлөт. Алдын ала маалыматтар боюнча “Өнүгүү-Прогресс” президенттик шайлоого партия лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги сунуштайт.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо ушул жылдын 15-октябрында өтөт. Буга чейин президенттикке ат салышуу ниетин билдиргендер “Ак шумкар” партиясы мурдагы премьер-министр Темир Сариевди көрсөткөн, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов жана “Аурдин” ишканасынан директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) жана «Конституциялык кеңешме үчүн» кыймылынын аткаруучу директору, жарандык активист Рита Карасартова өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен арыз берген.