«Өнүгүү Прогресс» партиясы Бакыт Төрөбаевди президенттикке көрсөттү

Бакыт Төрөбаевди «Өнүгүү Прогресс» партиясы президенттикке көрсөттү. Бул боюнча саясий партиянын бүгүн, 27-июнда өткөн VI-съездинде бир добуштан чечим кабыл алынды. Жыйында Бакыт Төрөбаевден башка талапкер көрсөтүү боюнча сунуштар болгон жок.
Маалым болгондой, партиянын съездине бир гана президенттик шайлоого талапкер чыгаруу маселеси коюлган. Ошондой эле, жыйынга 7 облустан келген делегаттар катышты.