Чоң-Алайда жардам банк картасы менен таратылат

Чоң-Алай районунда май айында болуп өткөн катуу жер титирөөдөн бир кыйла катуу жабыр тарткан үй-бүлөлөргө акчалай компенсациялар акысыз банк карталары менен таратылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Кыргызстандын Кызыл жарым ай коому жер титирөөдөн жабыркаган калкка колдоо көрсөтүү максатында, Эл аралык Кызыл крест жана Кызыл жарым ай коомунун федерациясына жардам сурап кайрылган. Ал кайрылууга ылайык, Европа комиссиясы 164 миң евро, ал эми Австрия Кызыл крест уюму 20 миң евро акча каражатын которгон.

Аталган жардамдын эсебинен Улуттук кызыл жарым ай коому, Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыр тарткан 550 үй-бүлөгө 200 швейцария франкы өлчөмүндөгү акчалай жардам бөлүнгөн банк карталарын таратып берет. Карталарды таратуу 28-июнь күнү башталат.