Бишкекте жөө адамдар өткөөлүнөн бир кишини машина уруп кетти

Бүгүн Бишкек шаарынын Абрахманов жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинен бир кишини автоунаа уруп кетти.

Бишкек шаардык Патрулдук милиция башкармалыгы билдирген боюнча, 1984-жылы туулган айдоочу “Мерседес Бенц” автоунаасы менен 22 жашар кызды жөө адамдар өтүүчү тилкеде сүзүп алган.

Милиция кабарлаган боюнча, жол кырсыгына кабылган айдоочу медициналык текшерүүдө ичкилик ичпегени аныкталган. Ал эми жабыркаган кыз №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Учурда топтолгон материалдар Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгына берилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.