28-июндун аба ырайы

28-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29;

Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 24…29;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 16…21 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте 28-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 27…29 ысык болот.