Дастан Шаршеев реванштык беттешүүдө Антон Калининди жеңди

Кыргызстандык спортчу Дастан Шаршеев TNA эрежеси боюнча дүйнө чемпиондугу үчүн болгон реванштык беттешүүдө атаандашы Антон Калининди жеңип алды. Беттешүү үстүндө ал орусиялык мушкердин мурдун сындырган, ал эми жалпы төрт раундда тең  үстөмдүк абалда артыкчылык көрсөткөнү үчүн калыстар тобу жеңишти кыргызстандык спортчуга ыйгарышты.

Эки мушкердин беттешүүсү 27-июнда Казань шаарында эрежесиз уруш боюнча мелдештин 1/8 финалдын төртүнчү этабынын алкагында болгон.

Эске сала кетсек, 70 кг чейинки салмактагы Дастан Шаршеев менен Антон Калинин ушул жылдын 22-апрелинде мелдештин 1/8 финалында күч сынашкан. Анда калыстар жеңишти орусиялык спортчуга ыйгарган, мындай чечимге макул болбогон Дастан Шаршеев рингден кетүүдө баш тартып, нааразылык билдирген болчу.

Бирок уюштуруучулар билдирген боюнча, бул матч-реванш көрсөтмөлүү мүнөзгө ээ, андыктан 1/8 финалдын жеңүүчүсү катары Антон Калинин кала бермекчи.