Пневматикалык мылтык алып кирүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды

Кыргызстандык жаран коңшу Казакстандан мыйзамсыз пневматикалык мылтык алып кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Белгилүү болгондой, 2017-жылдын 27-июнунда “Акжол” өткөрүү пунктунун чек арачылары Казакстандан мыйзамсыз пневматикалык мылтык алып келаткан кыргызстандык жаранды кармашкан.

1985-жылы туулган И.У. аттуу жаранга тиешелүү болгон “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү транспортту текшерүү маалында, унаанын жүк салуучу жагынан «Crosman» маркасындагы 4 пневматикалык мылтык табылган. Ал эми айдоочуда куралдарга тиешелүү уруксат кагазы жок болгон.

Документтер толтурулган соң кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүндөгү кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.