Ири көлөмдөгү алтындын контрабандасы кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ири алтын контрабандасын кармады. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматы билдирди.

УКМК тарабынан 22-июнь күнү  “Манас” аэропорту аркылуу контрабандалык ири алтынды жана баалуу металлдарды алып чыгууга аракеттенип жаткан жаран кармалды.

Экспертизанын баалоосуна ылайык, кымбат баалуу зэр буюмдардын, алтындын жана баалуу таштар 12 кг. 368,48 грамм салмакты түзгөң. Кармалган партиянын баасы 27 миллион сомго бараба экендиги алдын ала жүргүзүлгөн баалоодо белгилүү болду.

Мамлекеттик бажы кызматынын эсебинде товарды алып чыгып жаткандагы баа 5 млн 200 миң. 45 сомго бааланган.

Бул факт боюнча УКМКнын Тергөө башкармалыгы кармалган жаранга кылмыш ишин козгоду.