Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

О, андай болор күн кана?! Жок дегенде, баары жокту жаратып, барды – жок, жокту – бар кылган, буларга ушундай сыноо, ушундай тагдыр, ушундай машакат берген Кудай таалам Жандын өзүн адамга айлантып койсо, анда ого бетер жакшы болбойт беле..!

Ушуну ойлогон жылан катуу бир онтоп алып, баарына кедерги болуп турганы сымак Асанга сес көрсөтө, октоло түшүп токтоду. А бирок анын бу жолку серпиле түшкөнүн Асан аңдабай деле калды. Анткени анын бар дити, эси-дарты менен эки көзү жалгыз Кызмончокто болчу. Үшүп, чыйрыгып жаткандай эки колун көкүрөгүнө кайчылаштырып, денеси болор-болбос солкулдап, эриндеринин титирегени басаңдай баштаган келинден каректерин тартып ала албай, дендароо болуп тиктеп турган.

Эстен танган ушул караш, ушул көздөр жыландын кыжырын ого бетер келтирди.

Анткени ошол көздөрдөгү жазуулар ага ачыктан-ачык, ташка тамга баскандай эле бадырайып, окулуп турган. Асан өзүнүн атасы үчүн, Бектемир байкеси үчүн, Абылай атасы, Сайракан апасы, Чынтемир үчүн… айтор, баары үчүн Кызмончоктон кечирим сурап, аны чын дилинен аяп да, бар дүйнөсү менен сүйүп да турган. Атүгүл башкаларга окшоп, Кызмончокту эч качан күнөөлөбөй, жек көрбөй турганын, эгерде Кызмончок макул десе, аны өз үйүнө алып барып, апасынын болочок келинге арнап катып койгон ак жоолугун салдырып, а эгер ата-энеси ага макул болбосо, Кызмончокту бу жерден кулак угуп, көз көргүс жактарга алып кете турганын, эми аны эч кимге кор кылбай, колунан келишинче, алынын жетишинче коргоп, калкалай турганын убада кылып турган болчу!..

Атүгүл азыр Кызмончоктон кичине эле ишарат болсо, учуп жетип келинди бооруна басып жылытууга, сооротууга даяр турган сыяктанды.

– Тс-с!!! – кайра да октоло түштү жылан.

Анын каарын, акараат айбаатын Кызмончок сезди. Уйкудан чочуп ойгонгондой “селт” этип, тегерек-белин бүшүркөй карап, башын көтөрдү.

– Аса-ан?! – кайдандыр чакырык угулду.

Үчөө үн чыккан тарапка карашты.

– Келишти! – коркуп кеткени да, сүйүнүп кеткени да белгисиз, эриндерин кыбыратты Асан. Жанараак эле Асан түшүп келген дөбөчөнүн үстүндө, чуркап келгенге күйүгүп, лыс турган.

Жандын денеси болуп көрбөгөндөй жыйрыла түштү. Демейде ак саргыл тарткан түсү боз топурак кейиптене түктөйүп, чабуулга даярдангандай түр берди.

Асан да кимисин коргосусу келгени белгисиз, ортого тура калды.

– Аса-ан?! – жанынын бардыгынча баркырады Калыс. – Асаа-ан?!

Жанараак эле болбурап ыйлап, бошоп турган Асан чыйрала түшкөндөй болду. Муштумдары акырындап түйүлүп, эмнегедир эки ийинин солкулдата ызалуу, энтиге дем алып, ый аралаш баркырады:

– Эмне-е?!

Кырда турган экөө анын жообун укпай же түшүнбөй калгандай бири-бирин карашты. Анткени Асан алар күткөндөй, агаларын карай антаңдап чуркаган да, кол булгап чакырган да жок. Тескерисинче, таарынгандай, алар менен сүйлөшкүсү келбегендей турушу, берген бул жообу экөөнө таң калыштуу да, табышмактуу да эле.

– Эмне турат, баспайбы бери! – деди Калыс.

– Аса-ан?! – бу жолу Мукан кыйкырып, кол булгады. Асан жооп берген жок.

– Аса-ан!

– Эмне турасың?! Бас, кеттик!

– Кете бергиле! – деди Асан. Анын үнү шамалдын агымы менен келип, так эле булардын кулактарына куюлуп токтогон өндөнүп даана угулду эми..

– Мээси чайкалып калган го, тигинин!.. – ачуулана да, санааркай да күңкүлдөдү Калыс. – Же байлап алышканбы?!

***

Кыр ылдый дикилдеп түшүп келген экөөнүн кадамдары жайлап, жерде жаткан Алымканга жетип-жетпей токтоду.

– Асан? – озунуп үн катты Мукан.

Асан унчуккан жок. Шамалдын ызылдаганы, жамгырдын дабырттаганы эле болбосо, ортону жымжырттык уялады.

– Баары жакшыбы? Баса аласыңбы?! – деди Калыс. – Жүрү, кеттик.

– Бара бергиле деп атам го!

– Сенчи?!

Асан артына бурулуп, Кызмончокту карап койду.

– Атаң сары санаа болуп кетти.

Асан колунун сырты менен көзүнүн жашын арчыды. Анын эмнеге ыйлап жатканын эч кимиси, атүгүл Жан да түшүнбөй калды.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.