«Хан-Теңир» паркы илбирстердин жашоо чөйрөсүн 3 эсе чоңойтту

Мамлекеттик «Хан-Теңир» жаратышыл паркынын түзүлүшү жоголуу коркунучтунда турган илбирстердин жашоо чөйрөсүн 3 эсе кеңейтүүгө шарт түздү. Бул тууралуу долбоордун маалыматтык колдоо боюнча кеңешчиси Рита Тынаева билдирди.

Анын айтымында, долбоор 4 жыл аралыгында жүзөгө ашырылды. Анткени, өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактары биотүрдүүлүктү сактоо чаралары үчүн эң натыйжалуу чаралардын бири. Ушул максатта 275,8 миң гектар жерге «Хан-Теңир» мамлекеттик паркы түзүлгөн.

Адистин маалыматы боюнча, учурда Борбордук Тянь-Шань тоолорунун аймагындагы өзгөчө жаратылыш коруктарынын аянты 2013-жылы 11,3% түзсө, 2016-жылы 32,19% кеңейген.

Учурда Кыргызстандын аймагын 26,54 миң түрдүү жан-жаныбар жердейт жана 8 миң 153 түрдүү өсүмдүктөр өсөт. Андыктан мамлекеттик жаратылышы коруктары ал түрлөрдүн сакталышына жакшы өбөлгө түзүүдө, дейт адистер.