Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясын түзүү сунушталууда

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясын түзүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Депутаттар тобу сунуштаган Судьялар кеӊешине караштуу Тартип комиссиясы судьялардын тартип бузуу жосундарын карайт. Анын курамына 9 адамдан туруп, алар Президент, Жогорку Кеӊеш, Судьялар кеӊеши тарабынан сунушталат.

Депутат Максат Сабировдун айтымында, бул комиссия Конституциянын талаптарына ылайык түзүлүүдө. Ал көз карандысыз орган болуп саналат жана анын курамына саясий партиялардын мүчөсү киргизилбейт.

Жогорку соттун төрайымынын орун басары Феруза Жамашева судьялардын жаӊылыштыгын же терс жосунун судьялардын өзүнөн артык эч ким белбей турганын белгиледи. Ошондуктан ал Тартип комиссиянын курамын жалаӊ судьялардан түзүү сунушун берген, бирок ал сунуш колдоо тапкан эмес. Ошентсе да Феруза Жамашева, комиссиянын басымдуу бөлүгү судьялардан турушу керек деп эсептейт.

Баяндамачы депутаттын айтымында, Тартип комиссиясын түзүү үчүн бир кататр мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү милдети турат.