Өлкө ичинде жардырууларды уюштурууну көздөгөн топ колго түшүрүлдү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кыргызстандын чек ара аймактарында бир катар жардырууларды ишке ашырууну көздөгөн эл аралык террордук топтун мүчөлөрүн кармады. Кыргыз жарандарынан турган террордук топ куралдуу чыр- чатак чыгаруу менен туруктуу коомдук-саясий кырдаалды бузууну максат кылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факт боюнча, УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза клдексинин Террордук актыны даярдоо, Террорчулук ишти каржылоо, Мыйзамсыз түрдө куралдуу кошуундарды уюштуруу жана ага катышуу, Ок атуучу куралдарды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз алып жүрүү жана башка беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кармалган жарандар Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.