“ЕАЭБ – Евразиялык транссибирь темир жол магистралы” ЖЧКсынын директору А.ЮСУБАЛИЕВ: «Кыргызстанга темир жол суудай керек»

Кайрылуу

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге

Россия Федерациясынын Президенти В.В.Путинге

КР Премьер-министри С.Ш.Жээнбековго

Казакстан Республикасынын Президенти Н.А.Назарбаевге

РФ Премьер-министри Д.А.Медведевге

Кытай Эл Республикасынын Председатели Си Цзиньпинге

Өзбекстандын Президенти Ш.М.Мирзиёевге

Индиянын Премьер-министри Наренда Дамодардас Модиге

Түркмөнстандын Президенти Г.М.Бердымухаммедовго

РФ коргоо министри, армиянын генералы С.К.Шойгуга,

“Газпром” ААКунун башкармасынын төрагасы жана Дирек-

торлор кеңешинин терагасынын орун басары А.Б.Миллерге

Мамлекет эс-акыл менен башкарылса, анда жакырчылык менен муктаждык уят иш; мамлекет эс-акыл менен башкарылбаса, анда байлык жана сый-урмат уят иш. Сүйлөшүүгө татыктуу адам менен сүйлөшпөй коюу-демек адамды жоготуу. Ал эми сүйлөшүүгө татыксыз адам менен сүйлөшүү-демек сөздү жоготуу. Акылман адамдарды дагы, сөздөрдү дагы жоготпойт. Конфуций (б.э.ч. 551-479 -жж.)

Урматтуу Владимир Владимирович Путин!

Сизге жазып жаткан Россиянын Урал вагон заводунун (УВЗ) мурдагы расмий өкүлү Юсубалиев Абдырахман Капарович. Менин Сизге кайрылуумдун себеби, мен Сизге бир нече жолу кат жибергем, бирок Россиянын Өкмөтүнөн Кыргызстандын администрациясына шилтеме кылуу менен оң жооп ала албадым. Бир нече жолу Кыргызстандын Президенти А.Ш.Атамбаевге жана Кыргызстандын Премьер-министрине жана башка мамчиновниктерге кайрылгам. Бирок, тилекке каршы мен канааттандырарлык жооп алган жокмун. Азыркы учурда мен эч кандай партияда турбайм, ошондой эле оппозицияда дагы жокмун.

Мен эч нерсе кылбастан тынч отура албаймын, Кыргызстандын Өкмөтүнүн ортосунда керектүү макулдашууну ишке ашыруу үчүн менин энергиям жана идеяларым жетиштүү. Бул катта мен темир жол курулушу боюнча жана Кыргызстандын жөнөкөй эли муктаж болуп жаткан көп нерселер боюнча өзүмдүн идеямды баяндадым.

Атомдук электр станциясын Кыргызстан үчүн болжол менен Ош облусунун Алай районунда, СарыТаш айылында куруу зарыл, анткени ал КЭР, Пакистан жана Ирандын чек араларынын ортосунда жайгашкан, ошондой эле Өзгөн шаарында элеватор куруунун зарылдыгы жөнүндө сунуш бар.

Темир жолду курууну Россия – Казакстан – Кыргызстан – КЭР – Индия картасынын схемасында көрсөтүлгөн калк жыш жайгашкан пункттар аркылуу жүргүзүү зарыл.

Кыргызстан суунун бай ресурстарына ээ, тузсуз суу Кыргызстандын дарыяларын толтуруп туруучу тоо мөңгүлөрүнөн келип турат. Биринчи орунда Россия, Кыргызстан жана Тажикстан турат. Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) негизинде эл аралык суу каналын өткөрүүгө жана Пакистан жана Иран сыяктуу кошуна өлкөлөргө сатууга мезгил келип жетти.

Мен азыркы учурда өкүлдүн ыйгарым укуктарынын мүмкүндүктөрүнө ээ эмесмин, КР Өкмөтүнүн атынан маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө укугум жок. Кыргызстандын өкүлү катары РФ Свердлов облусунун өкмөтүндө КР Өкмөтүнүн атынан бир катар маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө күбө болуп, менин дайындалышым кызмат кылат.

Жогоруда көрсөтүлгөн аракеттердин негизинде аталган облус менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерде бир кыйла жетишкендиктер болду. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда пайдалуу өз ара мамилелерди бекемдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иш чаралар жөнүндө. Ошого жараша, бул мамилелер геосаясаттын, келечекти көрө билүүнүн жана айкын кудуреттин жардамы менен орнотулган.

Өзүм жана Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жасалган иштер тууралуу азыноолак сөз. 1999-жылы 25-майда Кыргызстандын маданий турмушунда саясий мааниси бар окуя болуп өттү – акындын туулгандыгынын 200 жылдыгына карата А.С.Пушкиндин эстелигин Кыргыз – Россиялык Славян университетинин алдына орнотуу. Мында Россия Федерациясы менен байланыштар боюнча коомдук башталыштагы мурдагы өкүлү болгон менин эмгегим зор. 1995-жылы мен Түркмөнстандагы элчиликтин II катчысы болуп дайындалганмын.

Мен, Юсубалиев А.К., Кыргызстандын Россия Федерациясы менен достугун жана бардык тараптан кызматташтыгын бекемдөө жана өнүктүрүү жаатында туруктуу иш алып бардым. Экономикалык маселелерди чечүү менен бирге, мен пресса жана телекөрсөтүү аркылуу элдик дипломатиянын көптөгөн багыттары боюнча түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүздүм. Свердлов облусунун өкмөтү мени – Кыргыз Республикасындагы Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин өкүлүн – Кыргызстанга Свердлов облусунун делегацияларынын визиттеринин учурунда жетишилген келишимдерди ишке ашырууда активдүү катышкандыгы, Кыргыз Республикасы жана РФнын Свердлов облусунун ортосундагы достукту бекемдөө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүргөндүгү үчүн ардак грамота менен сыйлаган.

1991-жылы Бишкектеги Борбордук мечиттин курулушуна жардам бергем, мечиттин кире беришине мага ыраазычылык жазылган такта орнотулган. Студенттердин окуусундагы шарттарды жакшыртуу максатында эки имаратты оңдоо иштери жүргүзүлдү. Азыр мен долбоор үчүн көптөгөн инвесторлордон сунуштарды алып жатам. «Транссибирь магистралы – XXI кылымдын Жибек жолу», «Алтай» фонду долбоорундагы менин картамда көргөзүлгөндөй, газ түтүгү, темир жол, электр берүү чубалгылары, шоссе жолдору, суу түтүктөрү, Атомдук электр станцияларынын (АЭС) курулуштары Кыргыз Республикасына зарыл, болжол менен Ош облусунун Алай районундагы чек арасы (Пакистан, Иран, КЭР, Афганстан, Индия) Чыгыштын цивилизациясынын борборун бириктирген оптималдуу вариант болушу керек. Белгилей кетким келет, цивилизациянын борбору болуп Батыш жана Чыгыш Сибирь эсептелет. Менин түшүнүгүмдө, бул көп полярдуу саясатты ишке ашыруу деген ушул. Азыркы учурда менин Сиздерге кат жазып жатканым, мен Европа менен Азиядан инвесторлорду тартуу үчүн менин тиешелүү өкүл катары ыйгарым укугум жок. Бирок, мен өзүмө ишенип турам жана КР Өкмөтүнүн атынан бир катар маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн укугум бар деп эсептейм.

Мен Сиздин макулдугуңуз менен «Евразиялык Транссибирь темир жол магистралы ЕАЭБ XXI кылымдын Жибек жолу Алтай» аттуу фонд ачкым келген, Сиздин макулдугуңуз жок жана фонд түзбөй туруп, биз Россия, Казакстан, Кыргызстан, КЭР, Индия жана башка мамлекеттерден инвестор тарта албайбыз.

18.08.2016-жылы Инфраструктуралык инвестициялардын Азия банкы (ИИАБ) Кытайдын демилгеси менен түзүлгөн. Россия бул долбоорго өткөн жылы июнда кошулган жана акцияларынын саны боюнча үчүнчү түзүүчү – мамлекет болуп калган. Чыгаан беш мамлекеттин, салынган каражаттарынын көлөмү боюнча ири түзүүчүлөрдүн арасына Кытай, Индия, Россия, Германия жана Түштүк Корея кирет.

Банктын уставдык капиталы 100 миллиард долларды түздү. ИИАБ Бүткүл дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы үчүн олуттуу атаандаш болуп калышы ыктымал. Кеп Алыскы чыгыш жана Сибирдин жол жана темир жол курулушун жана энергетикалык объектилерди каржылоо туурасында болуп жатат. Артыкчылык Россия жана Кытай, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери: Армения, Белоруссия, Казакстан жана Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер кызыкдар болгон долбоорлорго берилет.

Кыргыз Республикасы ЕАЭБнин толук кандуу мүчөсү болуп 2015-жылы кирген.

Азыркы учурда Кыргызстандын жалпы калкы жана Жогорку Кеңештин депутаттары Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айылындагы 7.134 метр бийиктикте турган Ленин чокусу же Коммунизм чокусуна В.В.Путиндин ысымын ыйгаруу туурасында сунушту жактырышты, Сиздерге Ленин жана Коммунизм чокуларынын атын ыйгаруу туурасында 14.04.2011-жылы жазган элем.

БУУнун борбору Россияда, башкача айтканда, Владивостокто же Новосибирскиде же жок дегенде Казакстанда – Алма-Ата шаарында болушу керек деп ойлогом. Бул туурасында Н.А.Назарбаевге да жазгам (ЕАЭБде төрагалык кылуучу).

Россия Индияга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү болууну сунуш кылууда, Индиянын калкынын саны 1 млрд. 250 млн. адамга жакын.

  1. Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулукка кошуу стратегиялык милдетин чечүүгө жалгыз жөндөмдүү мамлекет болуп Владимир Владимирович Путин башында турган Россия саналат.
  2. Биз деңизге жана башка мамлекеттерге чыга турган темир жолду куруудагы өз проблемабызды Россияны стратегиялык өнөктөш катары тартуу жолу менен гана чече алабыз жана бул темир жол Россиянын стандарттары боюнча гана курулушу керек.
  3. Россия коопсуздук коргоо проблемаларын чечүүгө жөндөмдүү күч катары керек. Жок дегенде батальон болсо да болот. Кыргыз Армиясын каржылоо туурасындагы келишим бар. Болгону, келишимдик негиздеги кызмат өтөп жаткан биздин аскерге чакырылган жоокерлерибизди жумушка тартуу менен аскерлер темир жолду гана куруусу керек.
  4. Темир жолду курууда жумушчу күч катары жумушу жок бекер жүргөн жаштарды келишимдик негизде (80%) чакыруу керек жана алардан жашоодогу ар кыл татаал маселелерди чечүүгө жөндөмдүү даяр инженердик-техникалык адистерди тандап алуу керек. Кыргызстандын калкы жетиштүү, курулушчулар (кара жумушчулар) керек. Темир жолду улаган жолдо Кыргызстандын түштүгүндө калкы жыш Фергана өрөөнү жатат, ал жакта 10 миллиондон ашык эл жашайт.
  5. Жолду куруу учурундагы акча чечүүчү фактор болуп саналбайт же курулуш материалдары таман алдында жатат, дээрлик бекер баада.
  6. Россия менен мындан ары кызматташуу үчүн жана доллар, рупий жана юань менен эмес, рубль менен каржылоо үчүн биздин Кыргызстанда Россиянын Аманат банкын(Сбербанк) ачууну сунуш кыламын.
  7. Ай сайын чыгуучу ЕвроАзия журналын – темир жолдун курулушу жана башка темалар боюнча чыгарып туруу.
  8. Сизден Урал вагон заводунун (УВЗ) жумушчулары жана кызматкерлери жана Циолковский атындагы космодромдун кызматкерлери эс алып туруучу саламаттыкты сактоочу эс алуу борборун уюштуруу үчүн Ысык-Көлдүн жээгиндеги Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатын сатып алуу үчүн акча бөлдүртүп берүүңүздү суранам.
  1. 30.05.2015-жылы Россиянын Президентинин аппараты Кыргызстандын Өкмөтүнө менин катымды ар тараптан кароо үчүн жөнөткөн жана мен азыркы убакытка чейин Кыргызстандын Өкмөтүнөн жооп ала албай жатам.

Урматтуу Владимир Владимирович, сизден көптөн көп өтүнөөрүм, менин катыма көңүл буруп койсоңуз. Азыркы учурда заводдорду карыз катары Россия тарапка беришти, ошондуктан Ысык-Көлдүн жээгиндеги Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионаттарынын биринде ишти баштайын дегем, ошол эле жерден индия чайын өндүрүү боюнча таңгактоочу цех жана кант өндүрүү боюнча таңгактоочу цехти ачууну пландаштырып жатам, ал таңгактарга, албетте, Сиздин уруксатыңыз менен, сүрөтүңүздү коеюн дегем. Мен кантип иштеш керек экенин билем жана өз чыгармачылыгымды көргөзүп бере алам.

Менин катымды карап чыгып, биздин өтүнүчүбүзгө баш тартпашыңызды суранат элем. Сизден оң жоопту күтөм жана Сиз менен жолугушууга макулдук берүүңүздү суранам.

Урматтуу Атамбаев Алмазбек Шаршенович!

Сизден менин долбоорум боюнча темир жол курулушун куруу боюнча жазган катымды Жогорку Кеңешке кароого берүүңүздү суранам, Сизге бул катты мурда жазып жибергем, азыр ал кат Жогорку Кеңештин төрагасында 2016-жылдын 24-июнунан бери жатат.

Буга байланыштуу Сизди менин катымды карап чыгып, мени КРнын Өкмөтүнүн атынан темир жолдорду куруу жана башка бир катар маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугу менен ыйгарым укук берүүңүздү суранам жана ошондой эле дипломатиялык паспорт берүүңүздү суранам. Сизден оң жооп болот деп ишенем. Карап чыгууңузду суранам жана менин суранычымды четке какпайт деп ишенем.