КР эл артисти Эсенбүбү НУРМАНБЕТОВА: «Булбулдар» менен элге таанылдым»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”,

Айганыш СУЛТАНГАЗИЕВА, “Кыргыз Туусунун” практиканты


 

Каарманыбыз – өзүнүн кайталангыс жана өзгөчө добушу менен “булбул”атыккан опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Эсен Нурманбетова 1957-жылдын 13-июнунда Таластын Арал айылында жарык дүйнөгө келген.

1978-жылы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтун, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун аваздык-оркестрдик факультетинин жеке ырдоо бөлүмүн бүтүргөн.

1984-жылдан А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрына опера ырчысы болуп эмгек жолун баштаган.

1987-88-жылдары Москвадагы чоң театрда стажировкадан өтүп, 1990-жылдан тартып өзү иштеген театрдын алдындагы эки жылдык студияда жеке ырдоо боюнча сабак берген.

Румынияда, Алжирде, Монголияда, Түркияда, мурунку СССРдин аймагынын көптөгөн шаарларында гастролдо болгон. Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты.

 

– Мааракеңиз куттуу болсун, Эсен эже. Чындыгында, опера ырчысы болуу үчүн табигаттан берилген талант, кубат керек. Бирок операны түшүнгөн, уккан күйөрмандар да бизде аз. Эмнеге ушул жанрды тандадыңыз?

– 1976-78-жылдары “Шоола” деген эстрадалык кыздар ансамбли бар эле, ошол ансамблде солист элем. Анан Болот Малдыбаев жетектеген хордо ырдап жүрдүм. Ошондон улам мугалимдерим: «Эсен, эми сенин музыкага шыгың бар, дагы окушуң керек. Сага төрт жылдык билим аздык кылат», – деп вокалдан сабак берген эжем ээрчитип келип, Сайра Кийизбаевага үнүмдү угузду. Сайра эже үнүмдү угуп көрүп: “Үнүң жакшы, ырдай турган жөнүң бар экен, тапшыр бизге», – деп жолдомо берген. Окууну бүткөндөн кийин анан опера-балет театрына келип орноштум.

– Чоң театрга келгендеги эң алгачкы репертуарыңыз?

– Адегенде кичинекей балдар үчүн жазылган чыгармаларды аткарып жүрдүк. Мисалы, «Мышыктын үйү» деген чыгарма, анан тооктун образын жаратуу ыры алгачкы тушоо кесүүм болгон. Андан кийин Абдылас Малдыбаев, Владимир Власов, Владимир Ференин «Айчүрөк» операсында Айчүрөктүн сиңдиси Калыймандын образын жараттым.

– Ушул партия репертуарыңызда али күнчө жашап келе жаткандай?

– Ооба. Бул партияны өмүр бою, канча жыл сахнада болсом, ошончо жыл ырдап келе жатам. Бул – менин үнүмө ылайык партия болуп чыкты. Кыргыз операларынан 1995-жылы Манастын 1000 жылдыгына карата «Манас» операсы коюлган. Анда Каныкейдин сиңдиси – Канайымды ырдадым. Жумакадыр Каныметовдун «Ак Мөөр» опера-дастанында Ак Мөөрдү ырдадым. «Үркүндүн» 80 жылдыгына карата «Ажал ордуна» коюлду, анда Зулайканын образын жараттым.

– Булардан сырткары угармандар сизди “Булбул” менен таанышканын билебиз?

– Театрга келгендеги менин визиттик карточкам – “Булбул” болду. Биринчи келгенде эле орустун белгилүү композитору А.Альявьевдин “Соловейин” концерттерде, чоң майрамдарда, салтанаттарда ырдап жүрдүм. Анан казак композитору Хамидинин “Булбулун” сунуштап калышты. Ошентип, эки “Булбулду” ырдап жүрсөм, бир күнү Насыр Давлесов агай: «Эсен, сен орустун, казактын “Булбулун” ырдап жатасың, эми сага кыргыздын “Булбулун” жазып берейин. Турар Кожомбердиев агаңа сөзүн заказ кылып койдум. Буюрса, «Таң булбулу» деген чыгарма болот. Ошону ырдабайсыңбы», – деп калды. “Макул”, – дедим. Ошону менен «Таң булбулу» менин визиттик карточкам болуп кетти. Чынында опера ырчысы катары элге таанылып, “булбул” деп таанып калышкандары ушул “булбулдардын” аркасынан болду.

– Эң алгачкы сыйлыгыңыз кайсыл жана качан алгансыз?

– 1992-жылы “Токтогул” операсындагы партиям үчүн эң биринчи жолу Кыргызстан Жаштар сыйлыгынын лауреаты болгом. Андан кийин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген наам алдым. Эл артисти деген наамды 1995-жылы беришкен. 2006-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлыкты алдым.

– Кут болсун, эже. Билишибизче, окутуучулук кесибиңизди да калтырбай келе жатасыз?

– Ооба. Негизи, кыз-келиндер институтун бүткөндөн кийин, консерваторияда окуп жүрүп деле Кой-Таш айылында эки жыл музыка мугалими болуп иштегем. Дипломум боюнча адистигим – опера жана концерт ырчысы, окутуучу. Ошондуктан мугалим катары да, ырчы катары да кызмат кылып келе жатам. 2013-жылы Ишеналы Арабаев атындагы университеттин, андан соң Ош университетинин ардактуу профессору болдум. Бүгүнкү күндө Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында классикалык ырдоо боюнча жаштарга сабак берип жатам.