Бакыт Төрөбаев: Президенттик шайлоо күнүн белгилөө Жогорку Кеңештин укугу

Президенттик шайлоо күнүн белгилөө Жогорку Кеңештин укугу. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламенттик жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык,  шайлоо күнүн белгилөө Жогорку Кеңештин мыйзамда жазылган укугу жана ал башка органдарга   өткөзүлүп берилбейт. Бул маселе боюнча атайын коммиссия түзүү керектигин билдирди депутат.

Андан тышкары, Бакыт Торобаев азыркы БШК нын жетекчиси профессионалдуу жана таза шайлоо өткөзө турганына көзү жетпесин белгиледи. Ал бул ойун шайлоочулардын тизмесинде азыртан эле каталар табылып жатканы менен түшүндүрдү.