Бишкекте «Кыргыздар» китебинин бет ачары болду

Бүгүн, 28-июнда Улуттук илимдер академиясында орус тилинде басылган «Кыргыздар» китебинин бет ачары болду. Бул тууралуу академиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, аталган эмгекте кыргыздардын этникалык тарыхынын жана этносоциалдык өнүгүүсүнүн маселелери ачыкталып берилген.

Анда үй-бүлөлүк салт-санаа, жөрөлгөлөр менен календарлык цикл, салттуу билимдер, чыгармачылыктар менен диний ишенимдер, ошондой эле жаңы мезгилдин этно маданий жана социалдык-саясий процесстери чагылдырылган. Китеп этнографиялык жана социологиялык талаа материалдарынын  жаңы маалыматтарын, белгисиз болгон жазма булактарды, архивдик жана фото документтерди, тарыхый артефактыларды колдонуу менен жазылган.

Улуттук илимдер академиясынан билдиргендей, томдукту жазууга 50 ашык окумуштуу катышкан.