29-июнга карата аба ырайы

29-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын нөшөрлөп жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаайт жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18 күндүз 25…30

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15 күндүз 25…30

Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында түнкүсүн 14…19 күндүз 27…32

Ысык-Көл областында түнкүсүн 10…15 күндүз 18…23

Нарын областында түнкүсүн 6…11 күндүз 16…21

Бишкек шаарында 29-июнда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18 күндүз 27…29 болот.

Булак: © Кыргызгидромет