Төрага Чыныбай Турсунбеков менен Вячеслав Володин жолугушту

Кечээ, 28-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин баштаган эки өлкөнүн парламент депутаттары кеӊейтилген чөйрөдө жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар мамлекеттер аралык саясий-экономикалык алакалардын учурдагы абалына токтолушуп, парламенттер аралык кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков Россия Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү экенин белгилеп: «Эки өлкө ортосундагы байланыштардын тарыхын караганыбызда, тыгыз кызматташтыкка багытталган көп тармактуу алака тынымсыз улантылып келгенин байкоого болот. Айрыкча мен Кыргызстан менен Россия эски достор жана ишенимдүү өнөктөштөр экенин канааттануу менен белгилегим келет. Мына ушундай салттуу достук мамилелерди улантуу баарыбыздын милдетибиз», — деди.

Ошондой эле, Россия Федерациясы менен болгон алаканы арттыруу Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу багыттардын бири болуп кала берерин белгилеген Жогорку Кеӊеш Төрагасы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жакында эле болгон Москвадагы мамлекеттик иш сапарынын алкагында кыргыз-орус достугун даӊазалаган бир катар келишимдер кабыл алынганын эске салды. Буга кошумча катары, Россия Кыргызстандын 240 млн. доллар карызын толугу менен кечкендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан тышкары, экономикалык кызматташтык мамлекеттер аралык байланыштардын артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керектигин айткан Чыныбай Турсунбеков: «Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар алмашуунун көлөмү күндөн күнгө артып барат. Өзгөчө Евразиялык экономикалык бирликтин алкагындагы экономикалык байланыштар жакшы жыйынтык берүү