Орусия думасынын төрагасы Бишкекте өчпөс отко гүл койду

Орусия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин кечээ, 28-июнда Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында өчпөс отко гүл койду.

Аталган иш-чарага орусимялык меймандар менен катар Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Данияр Төлөнов, депутаттар жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты.

Эске сала кетсек, Вячеслав Володин, Кыргызстанга бүгүн, 28-июнда расмий иш сапар менен келген. Сапар алкагында ал Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушкан.