Камила Шаршекеева президенттикке талапкер болууга арыз жазды

Камила Шаршекеева Кыргыз Республикасынын президенттик талапкерлигин каттоо үчүн арыз Борбордук шайлоо комиссиясына арызын тапшырды. Ал мындай чечими тууралуу 28-июнда Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Анда Камила Шаршекеева өз талапкерлигин мамлекетти жаңы багытта өнүктүрүү жана жаңы муундун келечегине кам көрүү максатында коюп жатканын, бийликке жаңыча ойлонгон жаштардын өкүлдөрү келишин жактай турганын билдирген.

Ошондой эле, ал өз ишкердүүлүгүндө билимдүү жана жигердүү жаштарга таяна турганын айтып, өлкөнүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон күчүн аябай турганын кошумчалаган.

Эске сала кетсек, БШК 27-июнга карата 6 талапкер арызын тапшыры, бир саясий партиянын чечими келип түшкөнүн билдирген. Ал эми бүгүнкү күнгө карата өзүн өзү көрсөткөндөрдүн саны 8 кишиге жетти.