3-май — Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү

3-май — Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү. Бул майрам 1994-жылдан бери белгиленет, 20-декабрь 1993-жылы ООНдун генералдык ассамблеясы 3-май күнүн басма сөз эркиндиги күнү деп белгилөө жөнүндө резолюция кабыл алган.

Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 89 — орунду ээледи. Бул тууралуу эл аралык » Чектөөсүз кабарчылар» уюмунун жыл сайын уюштуруучу сынагында аныкталды.

Жарышка 180 мамлекет катышкан. Жыйынтыгында Норвегия биринчи орунду, Швед мамлекети экинчи орунду, ал эми Финляндия үчүнчү орунду ээледи.

Маалыматка ылайык, мурунку СССР мамлекеттеринин ичинен Эстония алдыда (12 -орун), андан кийин Латвия (28-орун), Литва (36-орун),  Грузия (64 — орун), Армения (79- орун), Молдавия (80 — орун), Кыргызстан (89 -орун), Украина (102 -орун), Орусия (148 -орун), Таджикистан (149- орун), Беларусь (153-орун), Казахстан (157 — орун), Азербайджан (162- орун), Узбекистан (169-орун), Туркмения (178-орун) ээлешкен.