Түштүк Кореянын экс-президентине өлүм жазасы берилди

Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хеге өлүм жазасы берилди. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат агенттиктери жазууда.

Түндүк Кореянын экс-президенти Ким Чен Ынды өлтүрүүгө аракет жасаганы үчүн Пак Кын Хеге жана Түштүк Кореянын чалгынчысы Ли Бён Хого өлүм жазасы берилди.  Бул тууралуу тиешелүү жарлык коомдук коопсуздук министрлиги жана борбордук прокуратура тарабынан чыгарылды. Эми Түндүк Корея аларды өткөрүп берүү талабы менен  Сеулга кайрылды.

Ал эми Түштүк Кореянын улуттук иликтөө башкармалыгы Түндүк Корея бийлигинин бул жарлыгын негизсиз деп билдирди.

Эске сала кетсек, Пак Кын Хе үстүбүздөгү жылдын март айында паракорлук беренеси менен камакка алынып, ага карата импичмент жарыяланган.

Булак: «Марал»