Жол кырсыгына кабылган милиционер көз жумду

Чолпон-Ата шаарында унаа кырсыгына кабылган патрулдук милиция кызматкери алган жараатынан өзүнө келе албай көз жумду. Бул тууралуу Патрулдук милиция кабарлоодо.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 36 жаштагы милиционердин буту сынып, баш мээси чайкалганын, боору да жабыркаганын маалымдаган. Ал дароо шаардык ооруканага жеткирилген.

Окуя шаршемби күнү саат 16:00го жакын болгон. Күбөлөрдүн айтымында, жол боюнда турган патрулдук милициянын автомашинасын катуу ылдамдыкта келаткан «Субару» маркасындагы жеңил унаа сүзгөн. Анын айдоочусу кармалды.