Баш сөөгүндөгү окту алдырган бейтаптын абалы турукташууда

Чекесин тешип өтүп, баш сөөгүнүн ичинде калган окту алдырыш үчүн ооруканага кайрылып, операциядан өткөн жарандын абалы турукташа баштады. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын №2 нейротравматология бөлүмүнүн башчысы Бектемир Мукамбетөмүров кабарлоодо.

Операция жаран жараат алгандан үч күн өткөндөн кийин жасалганына карабастан ийгиликтүү өткөнү, ал азыр өз алдынча тамак жеп, басып калганы айтылууда.

Ок баш мээге 3 сантиметр жетпеген жерде такалып калган, бейтап ооруканага өзү басып келген. Операция эки саатка жакын убакытка созулган.

Адистер бул операцияны уникалдуу деп атоодо.