Сами Юсуф Кыргызстанга келди

Дүйнөгө белгилүү британиялык ырчы, композитор жана ислам динин даңазалаган ырлардын аткаруучусу Сами Юсуф бүгүн, 29-июнда таң эрте «Манас» аэропортуна келип түштү. Бул тууралуу «GAMMA MEDIA» эл аралык борборунун мүдүрү Ислам Сатаров билдирди.

Сами Юсуф 30-июнда Бишкекте жеке концертин тартуулайт. Анын концерти Борбор Азия боюнча Кыргызстанда биринчи ирээт уюштурулууда. Анда бир гана автор өзү ырдап, чыгармаларын жандуу музыканын коштоосунда аткармакчы. Иш-чара Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот.

Ислам Сатаровдун айтымында, ислам дүйнөсүндөгү популярдуу ырчыны Кыргызстанга алып келүү үчүн дээрлик 8 жыл сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Аны өлкөнүн табиятынын кооздугу, кыргыз элинин терең тарыхы жана бай маданияты кызыктырган.

Концертте сахна Нарын жергесинен алынып келген кадимки кыргыз шырдактары менен жасалгаланаарын Сатаров кошумчалады.