Радиоактивдүү калдыктарды сактоо жайларын кайра жабууга 16 млн. евро бөлүнөт

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы радиоактивдүү заттардын калдыктары көмүлгөн жайларды калыбына келтирүүгө 16 млн евро каражат бөлөт. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бул багыттагы макулдашууну жактырды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдиргендей, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы калдык сактоочу жайларды экологиялык реабилитациялоо үчүн атайын эсеп ачты. Учурда ал эсепте 16 млн евро акча бар.

Маалымат боюнча, Кыргызстанда 28 радиоактивдүү калдыктар сакталган жайлар жана 25 тоо-кен калдыктары топтолгон жерлер бар. Алардын жалпы көлөмү 12 млн куб метрге барабар.