Акыл эмгеги менен алдыга чыккан Түштүк Корея

Үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Түштү Корея менен дипломатиялык мамиле түзгөндүгүнө чейрек кылым толду. Бул жылдардын аралыгынды эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу мамилелер чыңдалып, Корея Республикасы Кыргызстандын Чыгыш Азиядагы ишенимдүү өнөктөшүнө айланды.  Жакында биздин кабарчыбыз ушул өлкөгө иш сапары менен барып, андан алган таасирлерин окурмандар менен бөлүшүүнүн туура тапты.

Өткөнгө сереп, азыркы учур

Корея кезинде ошол чөлкөмдөгү экономикалык жактан артта калган өлкө болгон. Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин ири державалардын саясатынын натыйжасында бир мамлекет эки бөлүнүп калган. 1950-1953-жылдардын аралыгындагы эки өлкөнүн ортосунда болгон согуш миңдеген адам өмүрүн алып, эл чарбасын бүлгүнгө учураткан. Түштүк Корея кыска мөөнөттүн аралыгында акыл эмгегинин аркасы менен оор өнөр жайлуу жана жогорку технологиялуу, дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулду.

Азыркы учурда Кореянын ири шаарларында жайгашкан өнөр жай, машина куруу жана электрондук техникаларды чыгаруучу ишканаларда жасалган кемелер автомобилдер, жогорку сапатта жасалган компьютер, телевизор ж.б.у.с. электрондук техника экспортко чыгарылып турат. Эл аралык валюта фондунун берген маалыматы боюнча Кореянын улуттук дүң кирешеси 1 триллион 198 миллиард доллардан ашып кеткен. Калкынын жалпы саны 52 млн. адамды түзгөн өлкө үчүн бул чоң көрсөткүч.

Электрондуу өкмөт

Сырттан барган адамдын көзүнө урунган нерсе – дүйнөдөгү электрондуу өкмөттөрдүн ичинен Түштүк Корея алдыңкылардын сабында тургандыгы. Азыркы мезгилде Кореянын көпчүлүк мамлекеттик кызмат көрсөтүү мекемелери онлайн режимине өткөн, анын негизинде өкмөттүн жасаган иши ачык-айкын. Түштүк Кореянын ушул ыкмасын башка өлкөлөр да пайдаланып, көп жактан утушка ээ болушту. Бул жерде белгилеп өтүүчү жагдай, Кыргыз Республикасында да алардын тажрыйбасын колдонуу аракети бар.

Анын өз жемишин берчү учуру алыс эмес, ошондуктан коомчулук тарабынан мамлекеттик «Таза коом» долбоору ар тараптан колдоого алынууга тийиш.

Биргелешкен долбоорлор

Серепчилер Түштүк Кореяны эч бир мунай запастары, кен-байлыктары жок туруп, акыл эмгегинин аркасы менен өнүккөн өлкө катары баа беришкенин окуп, корей өнүгүү жолун Кыргызстанга колдонуу үчүн тиешелүү адистердин тажрыйба үйрөнүүсү, билим берүү жаатындагы кандай долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын иликтеп көрүүгө аракет кылдык. Сураштырып, Кыргызстан Корея республикасынын Өкмөтү тарабынан уюштурулган KSP (Knowledge Sharing Program) билим алмашуу программасынын мүчөсү экендигин жана бул программанын алкагында эки өлкөнүн профилдик мамлекеттик органдары тажрыйба алмашып, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгышкандыгынан кабардар болдук. КОICA (Корея эл аралык кызматташтык агенттиги) аркылуу Кыргызстандын ар түрдүү чөйрөлөрдө эмгектенген мамлекеттик кызматчылар жыл сайын Кореяга квалификациясын жогорулатуу, окуу курстарынан, тренингдерден өтүү үчүн чакырылып турат.

Өз убагында Кореянын артта калган агрардык секторун өнүктүрүүдө башкы роль ойногон “Сэмаыль ундонг” (Жаңы кыштак кыймылы) программасынын алкагындагы кызматташтык күчөп бараткандыгына күбө болдук. Бул программанын негизги принциби – айыл чарба тармагындагы майда чарбаларды ирилештирип, дыйкандарды өз ара бириктирип, чогуу, бирдикте иш алып баруу. Корей Өкмөтү өз өлкөсүндө мындай ыкманы колдонуу менен артта калган айыл чарба секторун кирешелүү тармакка айландыра алышкан. Ошондуктан Түштүк Корея бул кыймылга олуттуу маани берет жана Кыргызстандын алардын мындай тажрыйбасына кызыккандыгы үчүн бизге колдоо көрсөтүп жатат. Өткөн жылы 70ке жакын кыргызстандыктар Кореядан окуу тренингдеринен өтүп кетишкен. Биз барган учурда Кыргызстандан келген 15 адам окуп жаткандыгын айтышты.

Кореядагы кыргыз коомдору

Биз иш сапарыбыздын жүрүшүндө Түштүк Кореяда кыргыздардын «Максат», «Кырхан», «Кыргызстан» коомдору уюштурулгандыгын угуп кубандык. Алардын ичинен Сеулдун Тоңдэмун районунда жайгашкан «Максат» коомунун төрайымы Мира Айткуловага жолугуп, сөзгө тарттык.

– Мактагандай болбойлу, Кореяда жашап жаткан кыргыз диаспораларыбыз абдан активдүү, Кыргызстандын элчилигинин демилгелерине ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатышат. Өткөн жылы ноябрь айында Сеул жана Кимчон шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү уюштурулуп, кыргыз диаспоралары аталган мааракени өткөрүүгө жакындан жардам беришти. «Максат», «Кырхан», «Кыргызстан» коомдору, «Айсулуу» бий тобу жана башка кыргызстандыктардын аракети менен миң орундуу залга эл толуп, маданият күндөрү жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Быйыл Нооруз майрамында Кыргызстандан белгилүү эстрада жылдыздары чакырылып, улуттук оюндары ойнолду. Кыргыздын улуттук даамдары тамакаштары жасалып, чет элдик коноктор биздин тамактарыбыздын өзгөчөлүгү менен таанышып чыгышты. Биздин коом мындан тышкары да Түштүк Кореядагы ар кандай кырдаалга туш болгон кыргыздарга жардам берүүгө аракет жасап келет. Жакында эле Инчондогу ооруканага жатып калган Дастан аттуу кыргыз балага жардам бердик.

«Максат» коомунун активдүү мүчөсү, Сеулдагы улуттук университеттин магистуранты Тимур Досмамбетов да сөзгө кошулду:

– 1-4- июнь күндөрү Сеул шаарынын Коекс көрсөтмө комплексинде «KOREA TRAVEL FAIR 2017» аттуу эл аралык туристтик көргөзмө болуп өттү. Кыргызстанга бөлүнүп берилген павильондо биздин борбордун жардамы менен кыргыздын улуттук кийимдери, кол өнөрчүлүк буюмдары, сувенирлер коюлуп, “Шоро” жана “Таң” сыяктуу улуттук суусундуктар көрүүчүлөргө сунушталды. Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык потенциалы тууралуу китепчелер да таратылды.

Кыргыз диаспоралары жакында орозо кармаган мекендештерибиз үчүн ооз ачыруу уюштурушту. Анын шылтоосу менен баарыбыздын башыбыз биригип, черибиз жазылганча сүйлөшүп олтурдук. Балким, кыргызстандыктар үчүн бирөөлөр менен маектешүү кадыресе эле көрүнүштүр. А бизге окшоп Ата мекенден алыс жерде иштеп, окуп жаткандар үчүн эне тилиңде сүйлөшүү, пикир алышуу айтып бүткүс чоң ырахат.

Эмгек рыногундагы атаандаштыкка туруштук бере алабызбы?

Биз Сеулга учаар алдында Кыргыз Өкмөтүнүн Мамлекеттик миграция кызматынын расмий маалыматы менен таанышып, быйылкы жылы 1189 кыргызстандык корей тили боюнча сынактан өткөндүгүн, бирок Кыргызстанга жылына 800дөн ашуун адамга квота берилсе да, быйыл Кореяга 300дөй гана адам чакырылгандыгы тууралуу кабардар элек. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы консулу Нурзат Саякбек кызынан бул жагдайды түшүндүрүп берүүсүн сурандык.

– Азыркы учурда Кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны 900гө жетет, – деди ал. – Алар Түштүк Кореянын өндүрүш тармагында, кичи жана орто ишканаларында эмгектенишет. Кыргызстан үчүн жылына 800дөн ашык адамга квота берилгендигине карабастан, жылына 300дүн тегерегиндеги гана адамдардын келгендиги, эмгек мигранттарынын аздыгы бизди да абдан кабатырландырууда. Элчилик бул жагдайдын себептерин изилдеп, бир топ жолугушууларды өткөрдү. Анын натыйжасында кыргызстандык жумушчулардын аз тандалып жатышынын себептери аныкталды. Анын биринчиси, кореялыктар менен кыргызстандык мигранттардын менталитети, көз карашы, аң сезими боюнча да көп айырмачылыктар бар. Кытай, Бангладеш, Индонезия, Вьетнам сыяктуу түштүк чыгыш Азия өлкөлөрүнүн Түштүк Корея менен тамак-ашы, маданияты жагынан көп окшоштуктары бар. Бул өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттары ачык айтыш керек, абдан иштемчил, тил алчаак, элпек болгондуктан, корей ишкерлери аларды көбүрөөк тандап жатышат.

Экинчи себеп – Кыргызстан Түштүк Кореянын алыскы региондору үчүн дагы эле жакшы билбеген, тааныбаган өлкөлөрдүн бири. Кыргызстан менен кыргыз маданиятын корей коомуна тааныштыруу максатында элчилик жакында эле Кыргызстан жана кыргызстандык жумушчулар жөнүндө корей тилиндеги маалыматты камтыган жана түстүү сүрөттүү сапаттуу буклеттерди басып чыгарып, аны Кореянын региондорундагы потенциалдык иш берүүчүлөргө таратып жатат.

Учурдан пайдаланып, Кореяга келе турган кыргызстандык эмгек мигранттарын бардык кыйынчылыкка чыдамкай болууга чакырат элем, антпесек, эмгек рыногунда да күчтүү атаандаштык өкүм сүрүп жаткан азыркы шартта биздин ордубузду башка өлкөлөр ээлеп кетүү тобокелчилиги пайда болуп турат.

(Уландысы бар)