Нарындын Соң-Көл айыл аймагында 25 үйдү сел каптады

Бүгүн, 29-июнда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Соң-Көл айыл аймагында канал жээктерин бекемдөө жана тазалоо иштер улантылат. Ал иштерге айыл аймактан 1 эксковатор жана жергиликтүү калктан 60 адам тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, 28-июнь күнү Соң-Көл айыл аймагынын Төлөк айылында түш ченде нөшөрлүү жамгырдан кийин пайда болгон кыян суулары Боз тилкеси аркылуу өткөн каналга түшүп, жээгинен ашып, жакын жайгашкан 25 турак жайдын короолорун каптаган.