№19-түзөтүү колониясында 100 чакты адам ачарчылык жарыялады

№19- түзөтүү колониясында 100 чакты адам 27-июндан бери ачкачылык кармап жатат. Алар мындай кадам менен абак кызматкелерине нааразычылык билдирүүдө. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын  билдирүүсүндө, абактагы 13 киши расмий түрдө ачкачылык жарыялаган, андан тышкары, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан дагы 88 жаран бул нааразылык акциясын колдоого алганын айтылууда.

Азыркы учурда, түзөтүү мекемесинде иликтөө иштери жүрүп жатат.

№19-түзөтүү колониясында 100 чакты адам ачарчылык жарыялады: 1 комментарий

Комментарии запрещены.