Өлкө аймагында катуу жер титиреди

Кыргызстандын түштүгүндө 3-май күнү саат 10:47де очогундагы күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында болуп, Карамык айылынан түштүк-батышынан 47 чакырым, Шибээ айылынан түштүк-чыгышка 55 чакырым, Баткен шаарынан түштүк-чыгышынан 120 чакырым жана Ош шаарынын түштүк батышынан 192 чакырымда жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Шибээ, Карамык айылдарында 5 баллга, облустун түштүк айылдарында 5 балга жеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.