Айрым калктуу конуштарга айыл макамы берилди

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев “Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусттарынын калктуу конуштарына айыл макамын берүү жөнүндөгү”  мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 25-майда кабыл алынган.

Ага ылайык,  Баткен облусунан Максат, Жезкен, Жалал-Абаддан Кочкор, Оштон Улуу-Тоо жана Ак-Өргө жаңы конуштары айыл макамын алышты. Мыйзам расмий жарыялангандан кийин 7 күн ичинде күчүнө кирет.