Чолпон-Атада милиция кызматкерин сүзүп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду

Чолпон-Ата шаарындагы милиция кызматкерин сүзүп кеткен айдоочуга “жол коопсуздугун бузуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, 28-июнда Чолпон-Ата шаарында  “Subaru Forester” унаасынын 26 жаштагы айдоочусу кызматта турган патрулдук милиция кызматкерлеринин унаасын сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен бир милиция кызматкери каза болуп, экинчиси ооруканага түшкөн.