Милиция боз эчкемердин сатылышы боюнча маалыматты иликтейт

Баткен облусунда эчкемерлерди сатуу үчүн кармап жатышат. Кызыл китепке кирген сойлоп жүрүүчү жандыкты жергиликтүү жашоочулар кармап алып, 2 миң сомго сатышууда. Мындай маалыматты Фейсбуктагы баракчасына Нуржан Алымканова аттуу колдонуучу, туристтер жөнөткөн фото сүрөттөр менен бирге жарыялаган. Ошондой эле, бул көрүнүштү текшерүү боюнча кимге, кайда кайрылуу керектиги тууралуу кеңеш сураган. 

Анда Баткен облусунун Таян айылында колу буту таңылган эчкемерлердин сүрөтү тартылган. Бул жаныбарларга карата мындай катаал мамиле интернет колдонуучулар арасында кыжырданууну жараткан.

Ал Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлү мурда мындай фактылар катталган эместигин, бирок учурда жогорудагы факты боюнча текшерүү жана иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын интернет аркылуу кабарлаган.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда өзгөчө коргоодогу жаратылыш территорияларында бул түр жашаган бир дагы аймак так белгиленген эмес. Бирок аны кармоого толук тыюу салынган, мыйзамсыз кармоо үчүн жоопкерчиликке тартылат. Эчкемерлерди коргоо жана анын популяциясынын абалын көзөмөлдөө мамлекет тарабынан жүргүзүлөт.