Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

– Кантип ушуга бардыңар?! – сүйлөй албай, солуктады улан. – Эмнеге ушундайсыңар?!

Мен силерди улуу деп, акылдуу деп… ишенип..! Кантип буларды таштап баса бердиңер?!

Барбайм мен эми! Эч качан барбайм! Уктуңарбы?!

– Асан?! – Мукан актангандай үн катты.

– Эмне деп жатасың?! – деди Калыс. – Келчи, биякка, шашпай сүйлөшөлү!

– Өзүңөр эмне, келгенден коркуп жатасыңарбы?! Кимден?! Кызмончоктонбу?! Же бу жыланданбы?! Же тиги Алымкан апанын арбагынанбы?!

“Алымкандын арбагы.?!” – бул сөз кайда жатканын, эмне болуп жатканын дагы эле түшүнө албай, улам арылап жылып кетип бараткан булуттардын арасынан кайра да чыга калчудай кайненесинин элесин издеп, адамдардын үнүн укса да анын өңү-түшү экенин ажыратып биле албай жаткан Алымкандын да, Кызмончоктун да мээсине “тык” эте түштү. “Мени айтып жатышабы? Мен өлүп калдым беле? – эсине келип-келе албай жаткан Алымкан ушинтип ойлоду. – Мен өлгөн  окшойм…”

“Алымкан жеңем?!” – Кызмончок да эсине келди.

– Жеңе?! – аттап-буттап жетип, Алымкандын башын көтөрдү. – Жеңе?!

Көздөрү сүзүлүп араң ачылган Алымкан жылмайган болду.

– Жеңекебай? Тирүүсүңбү?! О, Кудай?! Кудай!

Алымкандын башын кучактап, балбаалап ыйлаган Кызмончоктун жанына келип, тизелеп отура калган Асан Алымкандын тамырын кармап:

– Башын бийиктетиш керек, – деп үстүндөгү күрмөсүн чечип, тоголоктой салып аялдын башына жаздай койду. – Кыймылдабай жата турсун… Мен азыр…

Жерден бир нерсе издеп жүргөн сыяктанды.

Муну көрүп турган Мукан менен Калыс да жакындап келип, жыландан сестенгендей окчунураак туруп калышты эле, ошону сезе койгон Жан бу жерден алыстап кетип, бирок обочорооктон баарын байкап, көз албай карап жатты.

Мукан күрмөсүн чечип, Алымкандын үстүнө жапты. Калыс да чапанын чечип:

– Жеңе, жакшы элесизби? –Мукан Алымкандын маңдайына алаканын койду.

– Кан басымы көтөрүлүп кетиптир, – колуна бир тутам майда чөп терип келе койгон Асан жооп берди. Колундагы чөптүн бүрүн алаканына салып, бир колу менен ушалап майдалады да, аялдын эрин алдына салып койду.

– Азыр жакшы болуп каласыз, Алымкан апа. Баары жакшы болот. Эч нерсени ойлонбой, тынч жатып туруңуз… – деген Асан өзүнүн үшүгөнүн эми сезгендей, күндүн көзү көрүнсө эле баары жай-жайына келчүдөй:

– Азыр күн да ачылат, – деди асманды карап.

Кызмончок да, башкалар да өйдө карашты. Айткандай эле кара булут суюлуп, күндүн арты ачылып келаткан болчу.

Эки жигит аялдын баш жагында, Кызмончок менен Асан сыңар тизелеген калыбында эки жанында. Ар кимиси өз ойлору менен алек болуп отурушту. Анткен менен бири-бирин алдыртан карап коюп, Алымкандын абалы, деги эле өздөрүнүн мындан аркы аракеттеринин баары Асандын колунда тургандай, унчукпай отурушат.

Айткандай эле, Алымкандын жаны жай алып, магдырап көзү илинип баратты.

– Рахмат, Асан, – ушуну байкаган Кызмончок акырын унчукту.

– Баары жакшы болот, – Алымкандын тамырын кармап, ичинен күбүрөнүп отурганы менен Кызмончокту алдыртан караган Асан, бир чети ооруган адамдын дартына даба таап, жанына аралжы болгонуна кубанса, бир чети Кызмончоктун, анан да ар дайым муну мадыра баш катары көрүп, мурунга черткен береги агаларынын алдында өзүн кадыресе салабаттуу, салмактуу сезип, баркы көтөрүлө түшкөнүнө сыймыктанып да кетти.

Канча курдай кыйылып, моюн толгогонуна карабай, бирде тилдеп, бирде жалынып жүрүп, табыпчылыкты үйрөтүп койгон атасына ыраазы болуп кетти. Дары чөп издеп тоого аттанган сайын уулун кошо ала чыгып: “Ээ, балам, “жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дейт. Ата кесибин билип алсаң өзүңө эле жакшы. Кор болбойсуң”, – деп калчу. Үйдө бирөө жарым сыркоолоп калганда, же кошуна-колоң чакырган кезде: “Асан, кармачы”, – деп адегенде бейтаптын тамырын Асанга карматчу болгон. “Ии, эмне экен?” – дечү анан. Баласынын жообун уккандан кийин кайра өзү текшерип, мулуңдап күлүп калчу. Мунусу – баласына ыраазы болгондогусу эле. “Туура, эми эмне кылсак экен?” – деп андайда дагы Асандын жообун күтчү. Бирок кээде баласы экөөнүн пикири келишпей, талашып-тартышып калган учурлары да болот. Айрым учурда уулунун айтканы эп чыгып калса, атасы ага чычаламак турсун, кубанып: “Мына, балам, “Устатынан – шакирти өтөт”, киши болот деген ушу…” – деп кудуңдап калчу. “Асыл – таштан, акыл – жаштан” дейт, балам. Кээде аталар, улуулар деле жаңылат. Көптү көрүп, көп жашаганыбыз менен, биз деле пендебиз да…” – деп калганы бар. Ушуларды эстеп, атасы бу жолу да жаңылбаганын ойлоду. “Болбосо, баарын билип туруп, Алымкан менен Кызмончокту кантип талаага таштап кетишти? – деди оюнда. – Улуу адамдардын деле жаңылганы ушул да…” Анан калса, атасынын тээ жаш кезинде ушул Алымканды жактырып, бирок тагдырлары эки ачакей чыгып калганын дары чөп терип, экөө тоого чыккан күндөрдүн биринде атасы өзү айтып берген. Алымкан тил-ооздон калгандан кийин Кудай алдында бир милдеттен кутулгусу келгенин моюнга алып, анын дартына даба издеп ойлоно берчү болгонун арман кылган.