Президент ӨКМ кызматкерлерине жаңы үйлөрдү тапшырат

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшырат.

Бүгүн, 30-июнда «Туңгуч» кичи районунда үч үйдүн салтанаттуу ачылышы болот.

Аталган үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 261 млн сом бөлүнгөн. Анда жалпысы 162 батир бар. Алардын 36сы үч бөлмөлүү болсо, 54ү эки жана 72си бир бөлмөлүү үйлөр.