Медицина кызматкери төш белгилер менен сыйланат

Бүгүн, 30-июнда Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкек шаарындагы Чынгыз Айтматов атындагы орус драм театрында эмгектин алдыңкыларын сыйлоо аземи өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, бүгүнкү салтанатта 417 медицина кызматкери «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси, ал эми 261 кызматкер министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланат.

Медицина кызматкерлеринин кесипти күнүнө арналган салтанатка Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү жана коомчулук өкүлдөрү катышат.