Август айына чейин өлкө толук санарип менен камсыздалат

Ушул жылдын август айында өлкө боюнча 211 санариптик атвоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу иштери аяктайт. Бул тууралуу маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

Ал эскерткендей, калктын 5% түзгөн радио байланыш жетпеген 326 айыл аймагында жашаган элди санариптик телерадиоберүү менен камсыз кылуу үчүн учурда 211 санариптик автоматтык телечагылдыргычтарды орнотуу этабы менен жүргүзүлүп жатат. Бул азырынча санариптик берүүнү көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон 227 айылдык аймактын элин санариптик телерадиоберүү менен камсыз кылат.

Бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча 67 санариптик жабдыктар орнотулган. Аларды орнотуу үчүн өзүнчө атайын жай курулууда жана ал коргоого алынат.

One thought on “Август айына чейин өлкө толук санарип менен камсыздалат

  • Июнь 30, 2017 at 2:28 пп
    Permalink

    санарип жакшы эмес нет сигнал болуп куйдурду.

Комментарии закрыты.