Шайлоо — 2017: Кимдер жүгүрө башташты, кимге буюрганы турат?..

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Быйыл күзүндө президенттик шайлоо өтөт. Учурда буга даярдыктар көрүлүп, саясий күчтөр өз лидерлерин дайындап, командасын чыңдап, шайлоого аттанууга белсенип жатышат. Президент Алмазбек Атамбаев өз ордуна мураскер дайындабай турганын айтып, татыктуу Президентти шайлоо элдин колунда экенин айткан. Ал тургай шайлоо өткөндөн кийин Премьер-министрлик кызматка да келбей турганын билдирген жайы бар. Демек, шайлоо таза өтпөйт дегенге эч кандай негиз жана кооптону жок. Кооптонуу Президент болууга чыныгы, татыктуу талапкер кимиси деген гана суроо.

 Талашка түшкөн шайлоо мөөнөтү жана мыйзам

Алмамбет Шыкмаматов

 Ал ортодо президенттик шайлоону 27-августта өткөрүү сунушун парламентке жолдоду. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Конституцияга ылайык, Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү быйыл 1-декабрда аякташы керек. Эгер шайлоо ноябрда өтсө жаңы Президент Баш мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кызматка кирише албай, ал мыйзамдардын бузулушун шартташы мүмкүндүгүменен түшүндүрдү.

Бул билдирүүгө Борбордук шайлоо комиссиясы дароо жооп кайтарып, шайлоо быйыл 19-ноябрда өтүшү керек деп эсептеп, муну «Президентти шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын талаптары менен негиздеген. Анткен менен “Ата Мекен” фракциясынын келтирген жүйөсү негиздүү дегендер жок эмес. Канткенде да президенттик шайлоонун мөөнөтүн Жогорку Кеңеш белгилейт. Президенттин шайлоону 19-ноябрга белгилөө боюнча сунушун парламентте кароодо анын мыйзамдык жактары карала турганын депутат Төрөбай Зулпукаров билдирип чыкты.

Төрөбай Зулпукаров

Буга утурлай эле алдыдагы президенттик шайлоонун акыйкат өтүшүн камсыздоо үчүн Шайлоо кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун «Республика – Ата-Журт» фракциясы иштеп чыгып, сунуштоодо. Учурда ал парламентте биринчи окуудан өтүп, комитеттердеги талкуудан соң экинчи окууга коюла турганы күтүлүүдө. Ал палатада үч окуудан кийин, көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.

Анда негизги өзгөртүүлөр шайлоодо административдик ресурсту колдонууга каршы туруу чараларын ичине камтыйт. Бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралып, ага жол берген жетекчилерди жана кызматкерлерди жумуштан алуу жоопкерчилиги да киргизилген. Ошондой эле президенттикке талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүн көбөйтүү жагы сунушталууда. Бул кадам турмуштук зарылдык экени айтылганы менен күрөөнү көбөйтүү сунушуна каршы чыккандар дагы жок эмес. Буга чейин президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн күрөөнүн өлчөмү 100 миң сом болчу. Учурда муну 1 миллион сомго чейин көтөрүү жагы сунушталууда. Ошондой эле талапкердин шайлоо фондунун өлчөмү 500 миллион сомго чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.

 Алгачкы талапкерлер жана алардын тиреши

Президенттикке ат салышууга ниеттенген бир нече саясатчынын ысымдары билинип калды. Алгачкысы мурдагы Премьер-министр Темир Сариев болду. Учурда ал жер-жерлерде иш-чараларга катышып, шайлоочулар менен жолугуу иштерин жүргүзүп жатат.

Анткен менен Темир Сариевдин артынан Балыкчы – Корумду жолуна тийиштүү тендер ызы-чуусу ээрчип келет. Бул жагдайды дагы бир президенттикке талапкер, “Република–Ата Журт” фракциясынын лидери Өм

Өмүрбек Бабанов

үрбек Бабанов Ысык-Көлдө өткөн көчмө жыйында акырын кыйгап өткөн жайы бар. Муну Темир Сариевдин маалымат катчысы Назира Ахмедова: “Ошондон бери унчукпай келип, президенттик шайлоонун астында Өмүрбек Бабановдун Ысык-Көлгө барып алып, «андай болду-мындай болду» деп маселени көтөрүп жатканы – баланын оюнундай эле нерсе. Эл ансыз деле бул маселенин чыныгы себебин билет. Мен мурда өкмөт башчысы болгон Өмүрбек Бабановдун бул айтканына аябай таң калдым. Анан эми Бабанов «чукушам» десе, чукуша турган маселе көп”, – деп анын пикирин алдыда боло турган президенттик шайлоо менен байланыштырган.

Кандай делингени менен бул чуулгандуу жолго тийиштүү тендер боюнча али күнгө жарытылуу бир нерсе айтыла элек. Темир Сариев ЖМКлардын бирине берген маегинде, “таскагы чыгып иштеп жатканыман улам, жумуштан алып тынышты” маанисинде айтып өткөнү бар. Ким алып түштү? Кимге пайдалуу болгонун ачыктаган жок, ачыктабайт дагы окшойт.

Темир Сариев

Темир Сариевге Балыкчы – Корумду жолунун айланасындагы ызы-чуу жармашып жатса, Өмүрбек Бабановдун Кыргыз-Орус фондунан алынган 17 млн. доллар насыясы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Буга жооп кылган саясатчы, насыяны жакын тууганы мыйзамдуу түрдө алганын айтып, ал долбоор келечекте пайда түшүрө турганын билдирген. Анткен менен коомчулукта президенттикке талапкер боло турган адам же ал адамдын жакындары мындай насыяны алууга мыйзамдуу түрдө укугу болгону менен моралдык укугу барбы деген суроону салышууда…

Мындан тышкары президенттик шайлоого “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев катыша турганын жана “Ата Мекен” фракциясы Өмүрбек Текебаевди көрсөтө турганы белгилүү болду. Ал эми бийликтин партиясы деп эсептелген КСДП өз талапкерин азырынча ачыктай элек