Кыргызстанга импорттолгон эттин 70% Кытайдан келет

Кыргызстанга 2016-жылы 22 млн долларга бааланган 31,3 миң тонна эт сырттан келген. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирген.

Маалымат боюнча, импорттолуп келген эттин 96,9% тоок эти түзөт. Андан тышкары 794 тонна чочко эти, 129,4 тонна бодо малдын эти келген. Ал эми жалпы импорттолгон эттин 70% Кытайдан өлкөсүнөн келген.