Акын жана журналист Жыпар Исабаева эми продюсер

Акын жана журналист Жыпар Исабаева эми продюсерлик кызматты дагы аркалайт. Ал бул тууралуу фейсбуктагы өздүк баракчасын жазды.

Билдирүүгө ылайык, ал таланттуу жаш обончу жана аткаруучу Бакыт Сейталиев менен бирге иштешип, алгачкы ырын жаздырып жакында угармандарга сунуштоо алдында турушат.
«Кыргыз эстрадасы дагы бир жагымдуу ыр менен толуктала турганын сүйүнчү кылгым келди! Биздин досубуз, обончу Мыктыбек Ташматов обон жараткан  ырды Бакыт Сейталиевдин аткаруусунда жаздырдык. Аранжировкасын — кыргыздын мыкты, таланттуу, белгилүү, кайталангыс аранжировщиги Мирлан Ниязов жасады, ал эми үн режиссеру — Эдил Маматов болду. Скрипкада белгилүү, таланттуу скрипачы Асия Жылкыбаева ойноду» — дейт Исабаева.

Белгилүү болгондой, аталган ырды жаздырууга Адыл Эстебесов, Мунара Кудайбергенова аттуу маданиятка кош көңүл эмес жарандарыбыз демөөрчүлүк кылган.