Медицина кызматкерлерин президенттин жубайы Раиса Атамбаев куттуктады

Бүгүн, 30-июнда Бишкек шаарында Медицина кызматкерлеринин күнү арналган салтанаттуу жыйын өтүүдө. Анда жыйынга чогулган ак халатчандарды президенттин жубайы Раиса Атамбаева куттуктады.

Ал өз сөзүндө бул кесиптин артында канчалык зор эмгек турарын билерин, миңдеген адамдардын арасынан саналуу гана киши дарыгер боло алаарын белгилеп,  көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөн  саламаттыкты сактоо тармагы бүгүнкү күнү бир топ ийгиликтерге жетти деп сыймыктануу менен айта аларын билдирди.

Ошондой эле, Раиса Атамбаева медицина кызматкерлеринин ишине ийгилик, өздөрүнө чың ден соолук каалады.