Атамбаев ӨКМ кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-июнда Бишкектин «Туңгуч» кичи районунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды.

Мамлекет башчысы өзүнүн куттуктоо сөзүндө бүгүнкү азесми өзү үчүн да өзгөчө экенин белгиледи. Ал бүгүнкү күнү жолдор, шаар жана эл дагы 6 жыл ичинде башкача болуп өзгөргөнүн, 6 жыл мурда бүгүнкүдөй ачкыч тапшыруу аземи болору эч кимдин оюна келбегенин айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев андан аркы сөзүндө жалпы өлкө калкына сабырдуулугу, колдоосу жана көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, ал  өлкө 3,5 айдан кийин жаңы президентин шайларын, анда жалпы кыргыз эил азыркы бара жаткан жолдон тайбай турган кишини эл башы кылып шайлап алса жакшы болоорун кошумчалады.

Мамлекет башчысы андан соң баардык үй ээлерин куттуктап, балдар аянтчасын курууга 300 миң сомдук сертификатты тапшырды.