Кыргызстан жана Өзбекстан пахта өндүрүү тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Өзбекстан пахта өңдүрүү тармагында кызматташат. Бул багытта 29-июнда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков өзбекстандык пахтаны сертификациялоочу «SIFAT» борборунун башкы директору  Хаким Умаржоджаев менен жолугуп, пахта өндүрүү тармагындагы кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашты.

Анда эки тарап пахта өстүрүү жана сертификациялоо боюнча тажрыйба аламашууга өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, өзбек тарап пахта продукцияларын эл аралык стандарттарда даярдоо боюнча кыргыз адистери үчүн классификатор-кадрларды даярдоо курсун уюштуруу жана өткөрүүгө даярдыгын билдиришти.