Чоң-Алайда үйлөрү жер титирөөдө бузулган 550 үй-бүлө акчалай жардам алды

Чоң-Алай районунда май айында болгон жер титирөөдөн үйлөрү бузулган 550 үй-бүлөнүн ар бирине 13 миң 900 сомдон акчалай жардам банк картасы менен берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун басма сөз кызматы билдирди.

Коомдун ыктыярчылар бул жардамды 28-30-июнь күндөрү жер титирөө кырсыгы болуп өткөн Кара-Мык, Кара-Тейит, Шибээ, Жекенди жана Чулук айылдарынын жашоочуларына тапшырышты.

Эске сала кетсек, кайтарымсыз негизде берилген бул жардам Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун кайрылуусу боюнча Эл аралык Кызыл крест федерациясы тарабынан тартылган. Аталган уюмдун өтүнүчү боюнча Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыр тарткан жашоочуларга Европалык комиссия 164 миң евро, Австриянын Кызыл крест уюму 20 евро өлчөмүндө чукул жардам которгон.