Атамбаев жарандарды шайлоодо добуштарын сатпоого чакырды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин жаңы батирлерди тапшыруу аземинде кыргыз жарандарын шайлоолордо добуштарын сатпоого чакырды.

Президент билдиргендей, шайлоо алдында баардыгы эл үчүн көкүрөк кагып чыгат. Андыктан мамлекет башчысы алардан эл үчүн эмне иш кылганын, элге кыйын учурда кайда жүргөнүн, 2009-жылы кимдер менен жүргөнүн сурап көрүүнү сунуштады.

Ошондой эле, президент шайлоодо добушун саткандар да чыгаарын, аларды өз келечегин, ар-намысын сатпоого чакыраарын билдирди.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт. Учурда президенттин кызмат ордуна 10 киши өзүн өзү көрсөтүү менен талапкерлигин кое турганын билдиришти.