Турсунбеков: Президенттикке ат салышууга ниетим бар

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттикке ат салышууга ниети бар экендигин бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

Анда ал президенттик шайлоого катышууга анын мүмкүнчүлүгүн эч ким чектебегендигин айтты.

— Бул маселе боюнча президент менен көп жолу баарлаштым.  Талапкерлигимди коюуга ниетим бар, — деди Турсунбеков.

Эске салсак, бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 6-чакырылыштагы парламенттин 2-сессиясыныны жыйынтыгы боюнча отчет берип жатат.