Турсунбеков: Балдарым мамлекеттик кызматтарда иштебейт

Төрага Чыныбай Турсунбеков бүгүнкү маалымат жыйынында өзүнүн үй-бүлөсү тууралуу дагы айтып, балдарынын эч кимиси мамлекттик кызматтарда иштебей тургандыгын билдирди.

Анын айтымында, балдары жеке ишканаларда иштешет. Ошондой эле, Турсунбеков улуу кызы жакында эле турмушка чыккандыгын айтып, күйөө баласы дагы жеке ишкер экендигин кошумчалады. Кызы «Акун» фирмасынын башкы директору болуп саналат.

Эске салсак, бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 6-чакырылыштагы парламенттин 2-сессиясыныны жыйынтыгы боюнча отчет берип жатат.