Конфедерация кубогу: финалда Германия менен Чили командалары беттешет

Германиянын футбол боюнча курама командасы мексикалыктар менен жарым финалда ойноп, Конфедерация кубогунун финалына чыкты.

Оюн Сочи шаарындагы «Фишт» стадионунда болуп, беттеш 4:1 эсебинде германиялыктардын жеңиши менен жыйынтыкталды. Эми алар бир күн эрте финалга чыккан Чили курама командасы менен ойнойт. Оюнчулар Санкт-Петербург шаарындагы оюн талаасында 2-июлда кездешет.

Ал эми жарым финалда утулуп калган Мексика менен Португалия үчүнчү орун үчүн ат салышат. Конфедерация кубогу 17-июндан 2-июлга чейин Москва, Санкт-Петербург, Казань жана Сочи шаарларында өтүүдө.